Ленин акимчилиги ROYAL FISH эс алуу борбору менен биргеликте райондун жаңы конуштарындагы мектеп окуучуларына жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бассейнге эс алууну уюштурду.

Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов балдарды эс алууга жеке өзү коштоп барып, алардын көңүл ачып, көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болушуна шарт түздү.

100 баланы ташуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан 3 автобус бөлүнгөн. Ал эми балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын инспекторлору коштогон.

Балдар үчүн бассейнге акысыз баруу мүмкүнчүлүгү жана көрсөтүлгөн колдоо үчүн Ленин райондук администрациясы жана райондун балдары Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчилигине, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана ROYAL FISH эс алуу борборуна терең ыраазычылык билдирет.