Калаанын мектептерин жаңы окуу жылына даярдап жатабыз. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Биринчи май районунун билим берүү мекемелерин текшерип чыкты.

Ал №27 орто мектебине, №6 автордук окуу комплексине жана №28 мектеп-лицейине барды.

№6 гимназиясында мектептин фойесинде жана актовый залында оӊдоп түзөө иштери жакында аяктайт. №28 мектепте жылытуу системасы оңдолууда, чоюн батареяларын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат, №27 мектепте чатырлар демонтаждалууда.

Вице-мэр бардык иштерди окуу жылынын башталышына чейин бүтрүүнү тапшырды.

Свердлов районунун акимчилиги, райондук билим берүү борбору, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Санитардык-экологиялык кызматы жана өрт өчүрүү кызматы Свердлов районунун билим берүү мекемелеринин даярдыгын текшерип, жалпысынан 27 мектеп жана 17 бала бакча текшерилди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мектептердин жана бала бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча маселе муниципалдык администрациянын коллегиясында каралат.

Бүгүнкү күндө, бардык мекемелер окуучуларды кабыл алууга даяр, учурда косметикалык оӊдоп түзөөлөр аяктоодо.