Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Кулатов көчөсү реконструкциялангандыгына байланыштуу Панфилов көчөсү убактылуу эки тараптуу болот.

Кулатов көчөсү Каракулская көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу  Логвиненко көчөсү Лев Толстойдон Кулатовго чейин толугу менен жабылып, Панфилов көчөсү боюнча Лев Толстойдон Кулатовго чейин эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

Жолду оңдоо КЭРдин гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт  жана айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын  суранат.