Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев райондук кызматтар менен бирге Москва көчөсүн Абдрахманов көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин кыдырып текшерип чыкты.

Анын жыйынтыгы боюнча көрктөндүрүү жана санитардык тартип боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына  Фрунзе көчөсүнүн боюндагы бак -дарактарды санитардык кыркуу, Москва көчөсүнүн боюндагы сугат тармактарын тиешелүү абалга келтирүү, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына   бордюрларды жана брусчаткаларды оңдоо, тротуар жана жолдорду жамоо маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Санитардык -экологиялык инспекциясы  №13 МАБ менен биргеликте көп кабаттуу үйлөргө, чарба субъектилерине чектеш аймакта санитардык нормаларды сактоо боюнча эскертүүлөрдү берет.

Ар бир көйгөйлүү маселе эске алынып, толугу менен аткарылганга чейин райондун башчысынын көзөмөлүндө болот.