“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиргендей, Бишкекте капиталдык оӊдоодон кийин эки көчө ачылды.

Айдоочулар үчүн Валдайская көчөсүнүн Курчатов көчөсүнөн Д. Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жана №4 кичи районунун короо ичиндеги көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн  №31, 32, 34 үйлөрдүн жанынан тартып Безымянная көчөсүнө чейин жеткиликтүү.

Валдайская көчөсүнө эки катмарлуу асфальт төшөлдү, бир жагына тротуар салынган, экинчи жагынан ирригация тармагы курулуп жана жол чийиндери чийилди.

№4 кичи районундагы короо ичиндеги жол асфальтталды, жолдун туурасы 4,5 метрди түзөт.

Эске салсак, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата титулдук тизмесине жолдорду капиталдык оӊдоо боюнча 27 көчө киргизилген, анын ичинен 7 көчө жасалып бүттү, ал эми  11 көчөдө оӊдоо иштери уланууда.