Джунушалиев Айбек Джанышбекович борбордун жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин ал КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович берилген арызга ылайык Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.