Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

"Тазалык" МИнин кызматкерлери тарабынан Жибек-Жолу менен Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде стихиялык товар саткан соодагерлердин антисанитардык абалы тууралуу арыз түшкөн. Биз Биринчи май райондук администрациясына мыйзамсыз соодагерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Натыйжада уруксатсыз соода кылган 7 пункт алынып, ирээтке  келтирилди.

Дагы бир мыйзам бузуу "Оазис" тез тамактануучу жайында катталган. Алар таштандыларды атайын жакын жайгашкан челектерге таштаган эмес. Бузуучуларга Кыргыз Республикасынын “Бузуулар” жөнүндө Кодексинин 1-бөлүгүнүн, 71-беренеси боюнча 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, "Талисман" акча алмаштыруу жайы, Кулмурзаева №291/1 дарегиндеги авто кызматы, Токомбаев көчөсү№52/1 дарегиндеги “Субару” кампасы өзүлөрүнө тиешелүү аймактагы тазалыкты сактаган эмес. Бул үчүн аларга Кыргыз Республикасынын "Бузуулар" жөнүндө кодексинин 70-беренеси боюнча айып салынган. Айып жеке адамдар үчүн 3 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар!
Борбордун көрктөндүрүү эрежелерин жана талап кылынуучу санитардык ченемдерин бузбоону, ошондой эле таштандыларды тыюу салынган жерлерге таштабоону жана тиешелүү аймактардын тазалыгын сактоону суранабыз.

Ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү аймактын 10 метрге чейинки аралыктагы тазалыгын сакташыбыз керек.  
Өзүңүзгө жана шаарыбызга кам көрүңүз!