Райондун башчысы Мурат Осмоновдун төрагалыгы астында Ленин акимчилигинин жыйындар залында шаардык, райондук кызматтардын башчылары жана райондук МАБ башчыларынын катышуусунда кезектеги пландуу жыйын өткөрүлдү.

2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2021-2022 жаңы окуу жылына даярдык иштери жөнүндө райондук билим берүү борборунун отчеттору угулду. Мындан тышкары, “Тазалык” МИнин 2021-жылдын биринчи жарымында аткарылган иштер боюнча отчеттору угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетекчинин биринчи орун басарына Манка-Джар каналынын сел тосмосунун жээктерин механикалык тазалоо жана бекемдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү, ошондой эле “Ош”  базарынын  аймагында стихиялуу сооданын жоюлушун көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Ал эми, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басарына таштанды контейнерлерин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана  базарларда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу мөөнөтүн кайра карап чыгуу тапшырылды.