Ленин акимчилиги “CALIDA” бассейнинин администрациясы менен биргеликте райондун балдары үчүн бассейнге бекер эс алууну уюштурду.

Бассейнге баруу балдар үчүн чыныгы белек болду, балдар көптөгөн жакшы эмоцияларды алышты. Ошондой эле, бассейндин администрациясы тарабынан балдарга жеңил тамак уюштурулган.

Ленин администрациясы “CALIDA” бассейнинин жетекчилигине бассейнде балдарга бекер жана кызыктуу эс алуу мүмкүнчүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Биз балдардын жайкы каникулунда эс алуу иштерин уюштуруу боюнча активдүү иштеп жатабыз.