Бишкек шаарынын мэриясында экономика жана каржы боюнча вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы астында кирешелер боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Штабдын ишине райондордун башчыларынын биринчи орун басарлары, борбордун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарынын начальниктери, муниципалитеттин аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Штабдын мүчөлөрү 2021 -жылдын 7 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, IV топтогу мүлк салыгын чогултуу боюнча отчетту карап чыгышты.

Ошондой эле, шаардык штабдын жыйынында Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан объекттердин жана ишкердик субъектилеринин жайгашуусун санариптик картага киргизүү үчүн райондордун башчыларынын биринчи орун басарларынын ишкердик субъекттерине сурамжылоо жүргүзүү боюнча отчету каралды.
Мындай иштер муниципалитеттин тапшырмасынын негизинде жана Бишкек шаарынын мэриясы менен КРнын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын биргелешкен буйругу менен жүргүзүлөт.

Үчүнчү маселеде, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021 -жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кирешелерди көбөйтүү жана кошумча резервдерди аныктоо боюнча иш -аракеттер планынын аткарылышы боюнча отчету каралды.

Талкуунун жыйынтыгында райондордун башчыларынын биринчи орун басарларына, райондордогу салык кызматтары менен бирдикте, санариптик картага объекттерди киргизүү үчүн ишкердик субъекттердин арасында сурамжылоо жүргүзүү боюнча жумушчу топтордун ишмердүүлүгүн күчөтүү тапшырылды. Ошондой эле, мүлккө салык чогултуу боюнча иштерди күчөтүү жана жеке адамдардын коммерциялык жана турак жай кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү боюнча көмүскө иш-аракеттерди аныктоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар!
Бишкек шаарынын мэриясы 1-сентябрга чейин 4 - топтогу мүлк салыгын (автоунаага), 2 -сентябрга чейин - турак жайларга, батирлерге (ишкердик үчүн колдонулбаган) жана жер салыгын (чектеш, короо жана бакча участоктору үчүн) төлөө керектигин эскертет.