Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерге ыңгайлуу болуу үчүн биз "Манас" эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пунктун ачтык.

Пункттун иштөө убактысы 08:00дөн 16:30га чейин.

Белгилей кетсек, "Берекет Универсал" соода борборунда жайгашкан эмдөө пункту Жаш Гвардия бульвары №4 дареги боюнча Ленин районунун Калкты тейлөө борборлоруна көчүрүлгөн.

Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктр министрлигинин электрондук саламаттыкты сактоо борборунун базасына киргизилет.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз. Сураныч, эмдөө алып, ден соолукта болуңуз!