"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан борбордун жашыл бак-дарактарын сугаруу күчѳтүлгѳн тартипте уланууда.

Эртең менен борбор калаага "Жогорку Транзит" жана "Асанбай" каналдарынан 1 кубметр суу келген. Эртең мененки сугат Абдрахманов кѳч., Жибек-Жолу пр., Киев кѳч. менен Манас пр. кесилиши, Тынчтык пр., Ч. Айтматов, Жумабек, Чүй, Матыева кѳчѳлѳрүнүн жашыл аймактарын камтыган.

Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварында, Тоголок Молдо жана Элдердин достугу гүлбакчасында,  №7, 12 кичирайондорундагы өсүмдүктөр сугарылган.

"Ынтымак" жана "Адинай" парктарында арык суусу менен суугаруу жана скважинадан чыккан суу менен сугаруу жүргүзүлдү. Ошондой эле Чүй проспектиси боюнча газондорду помптун жардамы менен сугаруу Свердлов жана Биринчи май райондорунда өткөрүлдү.