Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбор каалада мыйзамсыз курулушка каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Бул ирет  И.Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган күркѳ, Ауэзов жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки күркѳ алынды.

Кривоносов кѳчѳсүн оңдоого байланыштуу күркѳ жана бастырма шаар тургундарынын ѳз ыктыяры менен алынганы кубандырат. Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол салууга тоскоолдук кылган жеңилдетилген типтеги объект да демонтаждалган.
«Тунгуч» кичирайонундагы күркѳ ээлери тарабынан алынып, "Рухий-Мурас" конушундагы капиталдык фундамент түрттүрүлдү.