Бүгүн Октябрь райондук администрациясынын башчысы Мирлан Эшкожоев пландуу жыйын өткөрдү.

Анда райондо жүргүзүлүп жаткан жакшыртуу жана санитардык тазалоо маселеси каралды. Жеткечи МАБнын жетекчилерине ишкердик субъекттеринин жана калк арасында жашыл аянттарды сугаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле, райондун аймагын, анын ичинде чектеш жана короолор аралык аймактарды санитардык тазалоо жана жашылдандырууну, коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүүнү,  мындан сырткары, калкты эмдөөдө  №6 ОТСМСке жардам берүү жана калкты маалымдоо иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды.

Жыйындын аягында  Октябрь райондук билим берүү борборуна  Капиталдык курулуш башкармалыгынын райондун социалдык объектилери (мектептер жана бала бакчалар) боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алуу, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык  ишканасына  райондогу бак-дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүү, ошондой эле райондогу жашыл аянттарды сугаруу иштерин күчөтүү милдеттендирилди. Октябрь районунун Салык кызматына 2021-жылдын августуна жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу тапшырылды.  

Жыйында Кыргыз республикасынын Куруучулар күнүн майрамдоонун урматына, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн райондук жана шаардык кызматтардын кызматкерлери Октябрь районунун  ардак грамоталары менен сыйланышты.