Күн сайын муниципалитеттин Санитардык -экологиялык инспекциясынын кызматкерлери  шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди улантып келет.

Бизге "American School" мектеби жол боюнда өскөн дарактарга зыян келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.  Инспекторлор иштин чоо жайын билүү үчүн аталган жерге барып, эреже бузуу фактысы тастыктады.  Жеринде  мектептин ээси Э. Д. Усубакуновага карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120 -беренесине ылайык протокол түзүлүп,  ага 3 миң сомго айып салынды.

Ал эми "Электросила" компаниясы, "Сити" кафеси жана шаар тургуну Нухарова Р.Г.  таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, тазалыкты сактабагандыгы үчүн  70-берене боюнча жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом эсебинде айып тартышат.

Тазалыкты сактабандардын катарын "Чайна Роуд" компаниясы да толуктады. Алар көчөгө өндүрүш калдыктарын ыргытканы үчүн 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом айыпка жазаланышты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер! Сураныч!  Үйүңүздөрдүн жана кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз, анткени борборду жакшыртуу эрежелерине ылайык, БИЗ БААРЫБЫЗ (!) айланабыздагы 10 метр аймакты таза кармоого милдеттүүбүз.