7-августта саат 13:00дө “Ала-Тоо” аянтында Токиодо Олимпиада оюндарына катышкан, биздин сыймыгыбыз болгон спортчуларды тосууга чакырабыз.

Олимпиада оюндарында байге менен келе жаткан Айсулуу Тыныбекованы, Мээрим Жуманазарованы, Акжол Махмудовду жана Кыргызстандын курама командасын бирге тосуп, концерттик программа тартууланат.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Келиңиздер, бирге биздин спортчуларды тосуп алалы. Биздин колдоо абдан маанилүү. Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет кап кийип, аралыкты сактаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!