6-августка карата борбор калаада 1041 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 345 учурду түздү, алардын ичинен 266 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 103, Биринчи май району - 51, Октябрь району - 66, Свердлов району - 46. Шаарда каттоосу жок - 79. Жалпы  учурлардын ичинен 319 учур белгилери бар, 26 учур белгилери жок, 275 учур амбулатордук дарыланууда, 70 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 4 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!