Кыргыз Республикасынын Куруучулар күнүн майрамдоонун урматына Свердлов райондук администрациясы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси Акматбек Кожомкулов кызматкерлерди куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.

Муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары төмөнкүлөргө тапшырылды:
- Арынов Шайлообек Сапаралиевич - Бишкек шаарынын мэриясынын КМКБнын башчысынын орун басары;
- Көчөрбаева Айгүл Качкынбаевна - Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБнын пландоо -экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
- Алымбеков Жылдызбек Изабекович - Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБнын капиталдык курулуш, оңдоо жана долбоорлоо боюнча техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы.

Урматтуу куруучулар! Майрамыңыздар менен!