Борбор кааланын 17 көчөсүндө муниципалдык унаа токтоочу жайлар уюштурулган.

Бул унаа токтоочу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.  Саат 20:00дөн кийин акы төлөө талап кылынбайт. Унаа токтоочу жайга акы 15 мүнөттөн кийин төлөнөт. Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын бирдиктүү тарифи 25 сомду түзөт.

Ошондой эле, биздин операторлор “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары” муниципалдык мекемесинин логотиби менен жашыл өӊдөгү атайын жилет кийишип, атайын бейджиктери менен жүрүшөт. Тиешелүү төлөм берилгенден кийин биздин операторлор милдеттүү түрдө мөөр коюлган талон беришет.

Төмөнкү көчөлөрдө муниципалдык унаа токтоочу жайлар уюштурулган:

- Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки кесилиши;
- Бейшеналиева көчөсүнүн  Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейинки кесилиши;
- Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардиядан  Ала - Арча дарыясынын  көпүрөсүнө чейинки  кесилиши;
- Кулиев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки кесилиши;
- Безымянный көчөсүнүн Юнусалиев  көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки кесилиши;
-Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн майдандан Атыжок (Безымянный) көчөсүнөн Сүйѳркулов көчөсүнө чейинки кесилиши;
-  Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Юнусалиев жана Сүйѳркулов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилиши;
- Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө  чейинки кесилиш бөлүгү;
- Исанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки кесилиши;
- Ибраимов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки кесилиши;
- Клубный көчөсү ("Сары-Өзөн"базарынын жанында);
- Курманжан-Датка көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Славян көчөсүнө чейинки кесилиши;
- "МОТО"соода борборунун жанындагы Токтогул көчөсү;
- Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки кесилиши;
- Бобулов көчөсүнүн Чүйдөн Пушкин көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Бүгүнкү күндѳ унаа токтотуучу жайларда мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу фактылары катталууда.  

Урматтуу шаар тургундары!
Эгерде Сизге кызмат көрсөткөн адамдар төлөө жөнүндө атайын талон бербесе жана ишкананын атайын кийимин кийип жүрбөсө, ал адамдардын иш-аракеттери мыйзамсыз болуп саналат! Сиз бул учурда төлөмдөн баш тартууга укуктуусуз жана сөзсүз түрдө 102 номуруна чалыӊыз.

Эгерде Сиз муниципалдык токтотуу жайында төлөмдөрдү мыйзамсыз алууда күбө болуп калсаӊыз, видео жана фото фактылар менен биздин социалдык баракчабызга https://www.facebook.com/102097021329567/ жѳнѳтсѳңүздѳр болот.