Октябрь районунун башчысынын орун басары Өмүрбек Тайтелиевдин төрагалыгы алдында бузуулар тууралуу иштерди кароо боюнча комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

Тартип бузуучулардын катышуусунда комиссиянын отурурумунда 9 протокол каралды. 5 протокол боюнча КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70, 71, 120 жана 293-беренелери боюнча 43500 сомго айып пул салынды. Ал эми 4 протоколду кароо комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

Райондук Санитардык-экологиялык инспекцияга жана МАБдарга жеке адамдардын жана юридикалык жактардын менчигинин  түрүнө карабастан, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары!
Борбордун көрктөндүрүү эрежелерин жана талап кылынуучу санитардык ченемдерин бузбоону, ошондой эле таштандыларды тыюу салынган жерлерге таштабоону жана тиешелүү аймактардын тазалыгын сактоону суранабыз.