Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаручу Таалайбек Сарыбашов борбор калаанын  акимдерин кабыл алып, алардын аткарып жаткан иштери менен таанышты. Райондук администрациялардын башчылары аткарып жаткан иштери жана райондогу ишмердүүлүгү  тууралуу маалымат беришти.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана  шаардын тазалыгына өзгөчө көңүл буруу  керектигин баса белгилеп, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.