Бишкек шаарынын  вице-мэри Русланбек Акылбеков кайрадан жол инспекциясында.

Бул жолу ал Будённый, Фере, Ак-Тилек, Шота Руставели, Ажыбек Баатыр жана Бакаев көчөлөрүн текшерди. Ал сугат лотокторун иретке келтирүүгө жана шаардыктар көп нааразы болгон кудуктардын, бордюрлардын, тротуарлардын деңгээлине өзгөчө көңүл буруп, жол иштеринин сапаты боюнча бир нече  пикирлерин айтты.

Жолдорду текшергенден  кийин Русланбек Акылбеков жооптуу кызматтарга стандартка ылайык бардык багытта аткарылган оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды.