Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы   «Тазалык муниципалдык ишканасы менен биргеликте  мыйзамсыз  курулуштар менен күрөшүүнү  улантууда.

И.Арабаев атындагы  улуттук  университетинин  кайрылуусу боюнча №3 корпустун жанындагы соода павильондору демонтаждалды, башка объектилер боюнча  иштер уланууда.

Малдыбаев көчөсүндө   мыйзамсыз орнотулган павильон демонтаждалды.

Свердлов районунда  60тан ашуун жарнамалык конструкциялар жана 3 күч сыноочу аппарат  алынды. Октябрь районунун 40 жарнамалык конструкциялары дагы алынды.

Тушүндүрүү иштеринен кийин “Ак-Орго” конушунда  Ашар көчөсүндө  өз ыктыяры менен капиталдык тосмо алынды. Кара-Жыгач кошунунда  түшүндүрүү  иштери нен кийин тосмо алынды. “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында тоскоол болгон объектилерди алуу  иштери  уланып жатат. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эки тосмо демонтаждалды.