Бүгүн борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов жана Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев көчөлөрдүн санитардык абалын жана сугат системасынын абалын текшеришти.

Алар "Бишкекжашылчарба" МИнын, "Бишкекбашкыархитектура" жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Байтик-Баатыр көчөсү боюнча Медеров көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин жөө кыдырып чыгышты. Ошондой эле “Балалык” сейил багынын курулушу менен таанышты. Жетекчилер "Ак ниет курулуш" компаниясы тарабынан жүрүп жаткан брусчатка төшөө, жарыктандыруу орнотуу жана фонтандарды куруу иштери менен да таанышышты.

Кыдыруунун жүрүшүндө аким турак жай коммуналдык чарба боюнча орун басарына тийиштүү мекемелер менен биргеликте жашыл аянттарды сугаруу боюнча ишти күчөтүү, ошондой эле бактарды санитардык кыркуу иши боюнча тапшырма берди.

Ал ошондой эле, "Бишкекжашылчарба" МИсына ирригациялык тармактарды алмаштыруу жана калыбына келтирүү маселесин иштеп чыгууну, "Бишкасфальтсервис" МИсына Байтик-Баатыр көчөсүндөгү тротуарды жамоону  тапшырды.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясына Байтик-Баатыр көчөсүнүн жашоочулары жана чарба субъекттери менен көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чектеш аймакта курулуш таштандыларынын чогулуп кетишине жол бербөө боюнча тапшырмалар берилди.

Мындай иштер райондун бардык аймагында уланат.