5-августка карата борбор калаада 1066 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 476 учурду түздү, алардын ичинен 352 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 146, Биринчи май району - 66, Октябрь району - 67, Свердлов району - 73. Шаарда каттоосу жок - 124.  Жалпы  учурлардын ичинен 436 учур белгилери бар, 40 учур белгилери жок, 355 учур амбулатордук дарыланууда, 121 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 5 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!