Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов автобус чыгарган "ВМС" түрк компаниясынын директору Мурат Ялчин жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Келген коноктор Туркияда өндүрүлгөн  автобустар
тууралуу айтып беришти.

Маалымдама: Компания 1964 -жылы Измир шаарында негизделген жана автобустарды гана эмес, аскердик техникаларды чыгаруу менен алектенет. Компаниянын арсеналында көптөгөн автобустар: шаарлар аралык автобустар, чоң, орто жана кичи класс бар.