Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан "Алтын Ордо" конушундагы  Алтын Ордо-3 көчөсүндө жалпы узундугу 1200 погондук метр, ошондой эле Алтын Ордо-6 көчөсүндө жалпы узундугу 1150 погондук метр жол грейдер менен тегизделип, жол бордюрлары орнотулуп, асфальт төшөө үчүн даярдыктар жүрүп жатат.

Ал эми, Исакеев көчөсүндө Ч.Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жол куруу иштери 90%га аткарылды, асфальт-бетон төшөлдү. Азыр ал жерге жол белгилери коюлууда, тротуарлар жана сугат лотоктору салынууда.


Жолугушуунун жыйынтыгында Октябрь районунун башчысы турак -жай коммуналдык чарба боюнча орун басарына райондогу жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун сапатын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.