Күн сайын муниципалитеттин санитардык -экологиялык инспекциясынын инспекторлору  шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Октябрь районунда күндүзгү текшерүүдө бир эле убакта эки тартип бузуу катталган.

Тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабаганы үчүн Матросов 1а дарегинде жайгашкан «Грант 312» компаниясы КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70 -беренесине ылайык 13 миң сом өлчөмүндө айып төлөйт.

Байтик Баатыр көчөсүндө «Ипар Био Интер»  компаниясы тарабынан дагы бир мыйзам бузууну каттадык. Алар өндүрүш калдыктарын таштанды таштоочу жайларга алып келбестен, кеңсенин жанына ыргытышкан. Аталган тарапка 71 -берененин 2 -бөлүгүнө ылайык, 23 миң сом айып пул салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар!   Таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыздар,өрттөбөңүздөр!