3 -августта биздин спортчулар Токиодогу Олимпиада оюндарында чыгышат.

Борбор шаардын тургундары жана коноктору  Олимпиада оюндарында биздин спортчуларды колдоосу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы "Ала-Тоо" борбордук аянтында LED экранын орнотууда.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерди Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы чогуу колдоого чакырабыз.

Баарыңыздарды саат 15:00дө Ала-Тоо аянтында Айсулуу Тыныбекова менен Ирина Коляденконун (Украина) жарым финалдык беттешинин түз эфирин көрүү үчүн күтөбүз.

Саат 16:30да Акжол Махмудов финалдык беттешеке чыгат.

Саат 17:55те Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт.