"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүнчү лифттерин модернизациялоону баштады.

Азыр ишкананын кызматкерлери орнотуу иштерин тѳмѳнкү даректер боюнча: 7 - кичи райондогу № 25, 33; Түштүк-2 к/р №10,4, 9, турак үйлөргө; Үсөнбаев көч. № 3; кѳч. Ибраимов № 26, 30; жүргүзүүдѳ.

Быйыл пайдалануунун ченемдик мөөнөтүнѳн ѳткѳн, турак үйлөрдүн жыйырма муниципалдык лифттин алмаштыруу пландаштырылган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында лифт жабдууларын жеткирүү боюнча тендер өткөрүлүп, жеңүүчү  Беларусь Республикасынан «Могилевлифтмаш» ААК компаниясы аныкталган.  Техника  жабдуулары борборго июль айында келген.