Муниципалдык унаа токтоочу зоналарды уюштурууда "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасы хронометраж өткөрүлөт, андан күнүмдүк план түзүлөт. Түшкөн каражаттын баары шаардык бюджетке которулат.

Муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Муниципалдык унаа токтотуучу жайдын бирдиктүү тарифи, канча убакыт токтосо дагы, 25 сомду түзөт.

Ошондой эле, биздин операторлор "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасынын логотиби бар атайын жилет кийип, атайын төш белгилерин тагынып, төлөмдү тастыктаган мөөрү бар талонду беришет.

Үзгүлтүксүз түрдө ишкананын адистери райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте муниципалдык унаа токтотуучу жайдын аймагында мыйзамсыз түрдө унаа токтотуу кызматчыларын аныкташууда. Буга байланыштуу белгисиз адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чаралар колдонулат.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкек токтотмолору жана туруктары" муниципалдык ишканасы операторлордон мөөр басылган талонду талап кылууну суранат. Эгерде сиздерге талон бергиси келбеген адамдарды кезиктирсеңиздер, төмөнкү телефонго чалыңыздар: 0312 656921 же e-mail: parkovki@meria.kg кайрылыңыздар.