Свердлов районунун аймагында эмдөө маселеси боюнча калк менен жолугушуулар уланууда.

Райондук дарыгерлер №20 МАБдын № 5, 8, 68 кварталдарынын жашоочуларына жана №18 МАБдын №34, №37 кварталдарынын жашоочуларына эмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүздү.

Эскерте кетсек, шаардык муниципалитет ишкерлерге жана ишканаларга кызматкерлер үчүн алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууга жардам берүүгө даяр. Ал үчүн каалоочулардын тизмесин райондук администрацияга тапшыруу керек, 53-15-83 телефону аркылуу байланышыңыз.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы бардык  сактык чараларын көрүүгө жана коомдук жайларда,  транспортто беткап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана эмдөөгө чакырат. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!