Сарыбашов Таалайбек Насирбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы мэр шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Бүгүн, 2 -августта Таалайбек Сарыбашовду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу -текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов борбордун активдери менен тааныштырды.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Бактыбек Кудайбергенов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.