Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев «Peshcombishkek»  кыймылынын өкүлдөрү менен жолугуп, райондун көчөлөрүн кыдырып чыкты.

Активисттер шаар бийлигине велоспорттун өнүгүүсү боюнча каалоолорун жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна абдан кубанышты.

Аким шаардыктарды угуп, райондун веложолдорунун көйгөйлөрү менен жеке таанышып, жооптуу кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди жана активисттерди колдоого, сунуштарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Эске салсак, бул акимдин «Peshcombishkek» кыймылынын өкүлдөрү менен экинчи жолугушуусу, коомчулуктун өкүлдөрү Юсуп Абдрахманов көчөсүндөгү велосипед жолундагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселеси боюнча  чакырылган. Акциядан кийин алар социалдык тармактарга кайрылуу жазып, Биринчи май районунун акиминен бул ишке жооп берүүнү суранышкан.