"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эстеликтерди тазалоону улантууда.

Биз Үркүн монументин,Кожомкул, Юдахин, Шабдан баатыр, Калык Акиевдин айкелдерин, Манасчынын, Бегелдиновдун бюстерин жана Баатырлар аллеясында жайгашкан эстеликтерди жууп тазаладык.  Тазалоого үч сугаруучу машина, бир автомунара жана ишкананын 10 кызматкери тартылды.

Ишкананын кызматкерлери эстеликтерди ар кандай жазуулардан тазалап, плиталарды күнүмдүк ремонттон өткөрүшөт, тамгаларды жана такталарды алмаштырышат, жаңыртышат.

Ошондой эле борбор калаанын көчөлөрүн, тосмолорду, көпүрөлөрдү, эстакадаларды жууп тазалоону улантып жатабыз. Жумуш үчүн 26 атайын техника тартылган.

Бардык архитектуралык эстеликтерди кайра -кайра жууп чыгуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды искусство объектилерине жана муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга, коомдук жайларда жүрүм -турум маданиятын сактоого жана вандализм же уурулук фактыларын тез арада укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.