Тазалык муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилге даярдануу боюнча жумуштарга киришти. Базага бардыгы 329,4 техникалык туз киргизилди. Күз-кыш  мезгилине 6500 тонна техникалык туз алып келүү пландалган.

Бул багытта жумуштар улантылууда.

Күз-кышкы тазалоо мезгили 1 -ноябрдан 1 -мартка чейин коюлган. Аба ырайы өзгөргөн  учурда кышкы тазалоо мезгили Бишкек шаарынын мэриясынын ШЧД жана ИИБдин ЖККБ аркылуу түзөтүлөт.

Шаардык жолдорду жана көчөлөрдү кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү мөөнөтүн аныктоо үч катергорияга бөлүнөт:
1-категория – өкмөттүк чыгуучу жолдор, троллейбус жана автобус линиялары бар күчөтүлгөн кыймылдуу көчөлөр, автотранспорт кыймылына өзгөчө кыйынчылык  кылган тайгакчылык пайда болгон эңкейиш көчөлөр.

2-категория – орточо кыймылдуу шаардык транспорт көчөлөрү, жөө жүргүнчүлөр жүргөн күчөтүлгөн кыймылдуу аянттар.
3-катергория – көп эмес кыймылдуу көчөлөр.

Шаардын жолдорун өтүүчү бөлүктөрүн  кардан тазалоо  41 бирдик автотранспорт каражаты жана жолдорду эскплуатациялоо бөлүмүнүн 40 адамы менен жүргүзүлөт.

Аялдамаларды жана жол боюндагы жан жолдорду кардан тазалоо саны 600 коомдук аймактарды тазалоочулардын жана 113 жүктөөчүлөрдүн күчү менен автосамосвалга кол менен жүктөө аркылуу ишке ашат. Контролдоону түздөн-түз бекитилген мастерлер  ишке ашырат.