Муниципалитеттин санитардык -экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Санитардык-экология инспекциясына тыюу салынган буюмдар өрттөлүп жаткандыгы жөнүндө кайрылуу келип түшкөн.  Окуянын чоо жайын иликтөөдө мыйзам бузуу тастыкталып, жолдош А.Плугатыревге  Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө"  Кодексинин  71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Ал эми  "Кыргызбайдын самсасы" чайханасынын айлана-тегерегинде санитардык талаптар сакталбагандыгы үчүн Калыбай к Ч.(Д. Сяопин көчөсү №375)  70 –беренесине ылайык 3 миң сом өлчөмүндө жооп тартат.

Аталган 70-берене боюнча жыл башынан бери 1 миллион 853 миң сомго 231 бузуу иштери катталган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана мекемелер!  Сураныч! Үйлөрдүн жана кеңселердин жанында тазалыкты сактаңыз, таштандыларды белгисиз жерлерге ыргытпаңыз жана өрттөбөңүз! Өзүңүзгө жана жашаган шаарыңызга кам көрүңүз!