Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ушундан улам, Бишкек троллейбус башкармалыгы троллейбустарды эле эмес, мекеменин бүтүндөй чектеш аймагын санитардык тазалоого өзгөчө маани берет.

Бардык диспетчердик кызматтарда, медициналык бөлмөлөрдө, административдик имаратында жана кассаларында борбордук мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл борборунун  санитардык тазалоо сунуштарына ылайык АКТОСЕД-0,2% эритмеси менен дезинфекция жүргүзүлүп турат.

Ошондой эле, күн сайын ар бир терминалдык пунктта троллейбустардын кармагычтары, отургучтардын туткалары, рулдар, панелдер жана кире бериштеги эшиктер тазалоодон өтүп  турат.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Бишкек шаарынын мэриясы шаардыкрды  этият болууга жана коомдук транспортто беткап кийүүгө, антисептик колдонууга жана эмдөөгө чакырат.
Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!