Борбор калаада билим берүү мекемелерин келе жаткан окуу жылына даярдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 30 билим берүү объектилеринде оңдоо иштерин жүргүзүүдө, 15 объект пайдаланууга берилди.

Курулуш долбоорлорунун бекитилген титулдук тизмесине ылайык, 2021 -жылы 55 билим берүү мекемесин оңдоо пландаштырылган.

№11 жана №51 орто мектептерде инженердик коммуникацияларды алмаштыруу жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

№3 "Ласточка" мектепке чейинки билим берүү уюму толугу менен оңдолуп, өз ишин баштады.

№100 мектепке чейинки билим берүү уюмунда коомдук тамактануу бөлүмү оңдолду.

No50 орто мектептин жумшак чатыры, No68 орто мектептин жана No135 мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатыры оңдолду.

№58 орто мектептин тышкы электр кабелдери алмаштырылды, №84 орто мектепке электр жылытуу системасы орнотулду.

№185 мектепке чейинки билим берүү уюмунда терезе блоктору алмаштырылган, ал эми №134 мектепке чейинки билим берүү уюмунда таман таштар төшөлдү.