Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү объекттерин оңдоо жана жылытуу мезгилине даярдоо иштерин улантууда.

Азыркы учурда №35 мектепке чейинки билим берүү уюмунда, №11 жана №51 орто мектептерде ички жылытуу системасын оңдоо иштери жүрүп жатат.

№181 мектепке чейинки билим берүү уюмунда жылуулук трассасы менен катар жылытуу системасына да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле №3 орто мектепте, №71 орто билим берүүчү интернатта, №28 жана №100 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жылуулук трассасы толук оңдолгон.

№34 атайын көмөкчү мектепте жылуулук трассасы жана канализация тармагы, ошондой эле №26 орто мектебинин сырткы жылуулук трассасы оңдолду.