“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын агрономдору Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин жана Улуттук Илимий Академиянын энтомологтору Эсенали уулу Тайыр жана Хегай Иван менен биргелешип көп убакыттан бери эмен дарактарын зыянкечтерден сактап калуу алгоритмдерин иштеп чыгууда.

Изилдөөлөрдүн катарында зыянкеч курт-кумурскаларга каршы пайдаланган дарылардын арасынан  эң эффективдүүсүн таап чыгуу. Бул үчүн шаардык питомникте атайын 8 катар жаш эмен көчөтөрү тигилген, алардын 7 катарына атайын зыянкеч курт-кумурскаларга каршы дарылар себилди. Бүт жети катарга колдонгон дарылар өлкөбүздө колдонууга расмий уруксаты бар.

Акыркы сегизинчи “көзөмөл катары” деп атталган бул катарга атайын  башка катарларга салыштыруу үчүн  эч кандай дарылар пайдаланылган эмес. Изилдөөлөр бир толук ай бою жүргүзүлгөн жана эффективдүүлүгун 70% - 90% чейин көрсөттү.