Урматтуу Свердлов районунун тургундары! Сизге ыңгайлуу болушу үчүн "Эльдорадо" соода борборунун имаратында кошумча эмдөө пунктун ачтык (Жибек Жолу проспектиси №381)

Ал иш күндөрү эртең мененки 8:00дн кечки 17:00 ке чейин кабыл алат.

Эскерте кетсек, эгер сиздин  жаматыңызда вакцина алууну каалаган 10дон ашык адам  болсо, биз сизге мобилдик топту жөнөтө алабыз. Эмдөө тез жана бардык санитардык -эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

Эмдөө ала турган  адамдын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина боюнча маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Саламаттыкты сактоо Министрлигинин алдындагы Электрондук ден соолук борборундагы Ковид-19га каршы эмделген маалымат базасына киргизилет.

Урматтуу шаардыктар! Эмдөө - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!