Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы астында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Штабдын мүчөлөрү коронавирустук инфекциянын жайылышын жана  шаардагы азыркы курч кырдаалды, калкты эмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Штабдын отурумунун жыйынтыгында райондук администрацияларга коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуунун маанилүүлүгү жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөө ала элек шаардыктарды эмдөө алууга чакыруу  тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар жана бизнес өкүлдөрү! Бишкекте массалык иш-чараларга тыюу салынгандыгын эске салабыз. Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону,  беткап кийүүнү, социалдык аралыкты сактоону, антисептиктерди колдонууну, колду тез -тез жууп, жайларды желдетип турууну жана эмдөөдөн өтүүнү суранат. Жоопкерчиликтүү болуңуз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.