Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна жаңы башчы болуп Мирлан Эшкожоев дайындалды.
Бүгүн, Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков райондук администрациянын жамаатына жаңы акимди тааныштырды.
Мирлан Эшкожоев буга чейин Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.