27-июлда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун "Шаардын көйгөйлөрү: чечүү жолдору, мэриянын биринчи жарым жылдагы ишинин жыйынтыгы"  аталышта пресс-конференциясы
өттү.

Шаар башчысы эң курч маселелерди көтөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Медиа иш-чаранын жүрүшүндө, азыр муниципалитет кымбат көчөттөрдү чет өлкөдөн сатып албасы белгилүү болду. Биз “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын питомнигиндеги көчөттөрдөн керектүү көлөмдөрдү камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Жыл башынан бери 2 миң 177 ийне жалбырактуу дарактар, 5 миң 473 жалбырактуу бактар, 2 миң 349 бадал жана 105 миң 925 короо отургузулуп, иш улантылууда.

Бактыбек Кудайбергенов тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүнү планын белгиледи. Бул азыркы учурдагы эң алдыңкы технология жана башка сугат тутумдарына салыштырмалуу сууну керектөөнү 80% га кыскартат. Бул система буга чейин айрым тармактарда ийгиликтүү иштеп жатат. Мисалы, темир жол станциясынын жанындагы гүлзарларда жана Түштүк магистралдын боюндагы аллеяда.
Өсүмдүктөрдү толук суу менен камсыз кылуу үчүн төрт скважинаны бургулоо иштери жүрүп жатат. Ахунбаева - Ашар жана Ахунбаева - Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки скважинанын долбоордук-сметалык документтери даярдалып бүттү.  Профсоюзная - Каракумская жана Абдрахманова - Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги дагы эки кудукка документтер даярдалууда.

Көчө бойлой өскөн бак-дарактар дагы сапаттуу сугарууга муктаж, мында тротуарларды оңдоо менен бирге учурдагы сугат тутумун калыбына келтирүү маанилүү. Азыр мындай жумуш шаардын 35 көчөсүндө жүрүп жатат.

"Арча" коомдук фонду менен биргеликте иш алып баруунун алкагында бизде борбор калаанын жашыл аймактарын электрондук инвентаризациялоо программасы иштелип чыкты. Ишкананын жумуш процесстерин автоматташтырууну камсыз кылган, жашыл аянтчаларды калыбына келтирүүгө, абалын көзөмөлдөөгө жана аларга кам көрүү боюнча алдын-алуу чараларын көрүүгө мүмкүндүк берген программалык шаймандардын комплекси иштелип чыккан жана ишке киргизилген.