Бишкек шаарынын мэриясынын жана "Арча" коомдук фондунун демилгеси менен шаарыбызда биринчи жолу жашылчаларды электрондук инвентаризациялоо программасы иштетилет.

Программанын негизги максаты - бул "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын иш процесстерин электрондук автоматизациялоо үчүн программалык шаймандардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Эскерте кетсек, жакында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасында жаңы программа менен колдонуу жана иштөө боюнча биринчи сабак өткөрүлдү.

Эми борборубуздун ар бир "жашыл" жашоочусунун өзүнүн уникалдуу медициналык картасы пайда болот. Ал электрондук картанын ичине ишкананын агрономдору менен  бактар тууралуу маалымат киргизилет:  геолокациясы, өзгөчөлүктөрү, түрү, саны. Бул программанын негизинде ишкананын кызматкерлери өсүмдүктөргө кийинки дарылоого керектүү каражаттардын суммасын алдын ала эсептей алышат.
Шаардын өсүмдүктөрү тууралуу маалыматты каалаган жаран интернет аркылуу "Зеленый Бишкек" программасын көчүрүп көрө алат.