Борбор калаанын мэриясы шаардыктарга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана эрежелердин сакталышын эскертет.

Троллейбус жана автобустарда  бет кап режимин сактоону эскерткен баннерлер илинди.

Урматтуу шаардыктар, коомдук транспортто баратканда  бардык коопсуздук эрежелерин, санитардык-эпидемиологиялык  талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп,  колуңузду тез-тез жууп туруңуздар.

Учурда борбор калаада эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны өсүп жатат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.