"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.

Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Соода үйүнүн жанындагы фонтан комплекси оңдолуп, ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндө "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 17 фонтан комплексин тейлешет.

Жаш Гвардия бульварындагы  бир фонтандан башкасы,  күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштеп жатат. Ал эми  "Ала-Тоо"  борбордук аянтында жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтан саат  21.00гө чейин иштейт.

Бардык фонтан комплекстери саат 14.00дөн 16.00гө чейин техникалык тыныгуу үчүн өчүрүлөт, бул кыймылдаткычтардын ысып кетишине жол бербөө үчүн керек.