"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы   буу казандарын күз-кыш мезгилине даярдоону улантууда.

Азыр №16 ҮМБ, Биринчи май райондук РИИБ, №61  автордук физика-математикалык мектебинин аймагындагы 3708 адамды жылуулук менен камсыз кылган "Боцад" от казанында даярдык иштери жүрүп жатат.

Адистер от казандарын, желдеткичтерди, ХВО чыпкаларын, жылуулук камераларындагы клапандарды жана казан приборлорун оңдоону жүргүзүшүүдө.

Жылуулук менен камсыздоо булактарында жүргүзүлгөн бардык оңдоо иштери ишкананын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы  624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана 193 башка керектөөчүлөрдү тейлейт.

Үйдө болуңуз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз! Вирус бар, ал коркунучтуу ...