Биринчи май акимиаты Манас көчөсүн реконструкциялоого байланыштуу   көчмө жыйын өткөрдү.

Катышуучулар жолду реконструкциялоодо тоскоолдук жараткан  электр өткөргүч  линияларынын түркүктөрүн жана объектилерди алуу маселесин карашты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тоскоолдук жараткан объектилерди алууну тездетүү, Батыш РЭСке жана Бишкек шаардык телефон тармагына түркүктөрдү жылдыруу, ошондой эле  №13 муниципалдык аймактык башкармалыгы "Бишкексууканал" башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштери башталганга чейин жер иштерин бүтүрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, жолдун жээгине, ЧЧКнан Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн  кесилишине  жайгашкан паркка чейинки бөлүккө ирригациялык түйүндөрдү орнотулуу жүргүзүлүүдө.  Жакында эс алуу аймагынын жашыл аянттары толук сугарылат.

Жыйынга Биринчи май районунун башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, "Бишкексууканал" башкармалыгынын, Батыш РЭСтин, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  өкүлдөрү катышты.